ВИДЕО: Спринтер менен кишини тебелеп, качып кеткен айдоочу табылды

2020-жылдын 25-сентябрь күнү саат 20.00 чамасында Кызыл-кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 08 KG 861 AAN мамлекеттик номурлуу унаа койдуруп кетип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-берене (жол кырсыгы) менен 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда автоунаанын ээсинин өздүгү такталып, ал Кадамжай районунун 1992-жылы туулган М.А. экендиги аныкталды. Аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден жараат алган 28 жаштагы жаран жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн. Жараат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



