“Чоң казатка” мыйзам иштебейби?

“Чоң казат” партиясынын лидерлери адилеттүүлүктү бетке кармап башкалардын күнөөсүн тизмектеп, аларды мыйзам чегинде жазага тартууну талап кылып келишет.
Бирок ошол эле маалда жасаган күнөөлөрүн моюнга алууга эч шашылбай, өздөрүн тим эле мыйзамдан жогору коюп алышат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга караганда, кезектеги түнкү рейд маалында “Чоң казат” партиясынын лидерлеринин бири Максат Мамыткановду Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери токтотушкан. Депутаттыкка талапкер Мамытканов “Тойота Лендкруизер 200” автоунаасын башкарып бараткан. Мамлекеттик номерди текшерүү маалында автоунаанын “Коопсуз шаар” боюнча 43 миң сомго 14 айыппулу бар экени аныкталган экен.
Ошондой эле машинеге полициялардын стробоскобундай болгон атайын үн-жарык чыгаруучу жабдуу жана тыңшоолорго каршы кандайдыр бир аппарат орнотулган. Документтерин текшере келгенде үн-жарык чыгаруучу жабдуу орнотууга уруксат кагазы жок болуп чыкты.
Ал эми “Чоң казаттын” башка бир өкүлү Сыймык Жапыкеев автоунаасын мас болуп алып айдап бара жатканда кармалган. Ал милиционерлерге ачык эле самогон ичкенин айтып, алардын укугун коргогонун эске салып, боор ооруп койгула деп чыккан. Ошентип ал тартип сакчыларын машинесин атайын токтотмо жайга койдурбоого көндүрүүгө далбастаган.
Эмне үчүн бул адамдар – бирөө УКМКнын мурдагы кызматкери, экинчиси – прокуратуранын полковниги жөнөкөй эле мыйзамдарды сакташпайт? Же мыйзамдар алар үчүн жазылган эмеспи?



