Окуялар
Айдоочуларга эскертүү. Төө-Ашуу менен Суусамырга калың кар түштү

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кар жаап, аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу айдоочуларга эскертүү берди.
«Бүгүн, 3-октябрда, Төө-Ашуу ашуусуна жана Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөндүктөн, Чүй ЖКККБ Бишкек — Ош унаа жолунан өтө турчу айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, тайгалантпаган чынжыр тагып, ошондой эле унаалар арасындагы аралыкты жана ылдамдыкты сактоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрга караган түнү Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорундакар жаашы кар жаашы күтүлөөрүн билдирген. Ал эми республиканын башка аймактарында күн ачык болору айтылган.



