COVID-19. Кыргызстанда карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал

Кыргызстанда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал оорлосо карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал. Бул тууралуу 4-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Боронов соңку он күндө Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө ооругандар көп каттала баштаганын белгиледи.
Ошону менен катар премьер-министр өкмөт чектөөлөрдү киргизбөөгө колдон келишинче аракет жасарын белгиледи.
Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул илдет жалпысынан 47 миң 428 адамдын өмүрүн алды. Соңку бир күндө вирус менен 244 адам жаңы катталды. 1-2 жума мурда бир суткада оору жуккандар 40-50нүн тегерегинде катталып жаткан. Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. Карантиндик чектөөлөр бара-бара алынган.



