Коронавирус. Жуктургандар көбөйүп, төрт адам каза болду

Бир суткада Кыргызстанда коронавирустан 159 бейтап айыкты. Ошол эле учурда 245 киши COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми акыркы суткада дагы төрт адам коронавирустан каза болду. Каза болгондордун бири Ош облусунда, бири Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Акыркы суткада COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Ошону менен жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1073кө жетти.
Жуктургандар аймак боюнча:
- Бишкек – 77;
- Ош – 13;
- Чүй облусу – 17;
- Ош облусу – 62;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 8;
- Жалал-Абад облусу – 44;
- Баткен облусу – 19.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 48 342ге жетти. Анын ичинен 43 957си дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары кайра каттала баштады. Өткөн суткада төрт бейтап каза болуп, жалпы саны 1 073гө жетти.



