Окуялар
Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасаган аялдар коомчулукта тескери пикир жаратууда

Ондон ашуун аял өкмөт үйүнө батыш тараптан кирүүгө аракет кылышууда. Алардын айтымында, бул жерге жер жана насыя маселелерин чечүү үчүн келишкен. Алар белгилешкендей, буга чейин бийлик аларга жардам беребиз деп убада берген, бирок аялдар эч качан колдоо алышкан эмес.
Кире беришти кайтарып тургандар, имаратта эч ким жок экендигин түшүндүрүүгө аракет кылышты.
Эскерте кетсек, Бишкекте төрт күндөн бери ар кайсы жерлерде митингдер өтүп жатат.
Ал эми аялдардын Өкмөт үйүнө кирүүгө жасаган аракети коомчулукта тескери пикир жаратууда.



