Коом

Коронавирус. Жуктургандар көбөйүп, дагы төрт бейтап каза болду

Өткөн суткада өлкөдө коронавирусту 140 бейтап жеңип, оору 275 кишиден аныкталган. Ошол эле учурда илдет менен күрөшүп жаткан дагы төрт бейтап каза болду.  Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 13;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 41;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 21;
  • Баткен облусу – 2.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 40;
  • Ош – 25;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 49;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 47;
  • Баткен облусу – 74.

Ал эми акыркы суткада COVID илдетинен төрт адам каза болду. Каза болгондордун бири Ош облусунун, экөө Баткендин, бири Жалал-Абаддын тургуну экени айтылды.

Ошону менен жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1077ге жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button