Саясат
Кыргызстан өкмөтү толук отставкага кетти. Президент Жээнбеков кол койду

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкасын кабыл алган жарлыкка кол койду.
Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.
“Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат”, — деп айтылат маалыматта.



