Саясат
Өмүрбек Суваналиевди Коопсуздук кеңештин жамааты да кабыл албай коюшту

5-октябрдагы баш аламандыктан улам Өмүрбек Суваналиев УКМКга жетекчилик кызматка өзү барып отуруп алган эле.
Бүгүн эртең менен УКМКнын өздүк курамы Өмүрбек Суваналиевди мыйзамсыз отурган жеринен кууп чыкканы белгилүү болгон.
Ал парламенттик шайлоого чейин иштеген Коопсуздук кеңешиндеги кызматына УКМКдан чыккандан кийин кайра барган эле. Бирок, бир аз убакыт мурда аны Коопсуздук кеңештин жамааты да кабыл албай, чыгарып салганын өздүк булактан кабарлашты.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Суваналиев “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанган эле.


