Саясат

Эртең ЖК депутаттары резиденцияга чогулуп, премьер-министрди шайлайт

Эртең, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-спикер Аида Касымалиева билдиргенин жазышты.

Анын айтымында, депутаттар «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына келип, жыйын саат 12.00дө башталат. Анда премьер-министрди шайлоо, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.

Касымалиева өкмөт башчылыкка кимдердин талапкерлиги көрсөтүлөрү боюнча маалыматы жок экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button