Окуялар

Sputnik кеңсесине белгисиз адамдар келип коркутуп, талап коюп кетишти

Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылгандыгы тууралуу аталган агенттик жазып чыкты.

“Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң «30 мүнөт убакыт беребиз» деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.

Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылууда. Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген”- деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button