Саясат
Садыр Жапаров өз программасы менен тааныштырып, өкмөттүн курамын калтырарын айтты
Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров өз программасы менен тааныштырып жатып, өкмөттүн курамы ошол бойдон каларын айтты.
«Өлкөдө түзүлгүн оор кырдаалга байланыштуу өкмөттүн курамын ошол бойдон калтырабыз. Кийин өзгөртүүлөр болот», — деди Жапаров.
Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушту. Алар президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана өкмөттүн курамы менен структурасын карап жатышат.



