Коом

Коронавирус. 306 кишиден аныкталып, үч киши каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясы 306 кишиден аныкталып, алардын ичинен үч жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Ооругандар төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 53;
  • Ош — 54;
  • Чүй облусу — 20;
  • Ош облусу — 52;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 9;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 63;
  • Баткен облусу — 41.

Пандемиядан бери өлкөдө коронавирус 49 230 кишиде аныкталды. Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңген кыргызстандыктардын саны 44 395 болду.

Коронавирустан көз жумгандардын бири Баткен облусунун, экөө Ош облусунун тургундары болгону айтылды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1 085ке жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды коронавирустан сактануу үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгын улам айтып эскертип жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button