Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кетиши Садыр Жапаровдун президент болушуна бөгөт коет

Өлкөгө бейкуттук кайтып келди
Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңеш өтө акыл-эстүү чечим кабыл алды. Бул чечими менен парламент, иш жүзүндө, Кыргызстанды граждандык согуштан сактап калды. Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы — саясий жана жарандык тирешүүлөр дароо токтошуна алып келди. Бир нече күнкү катуу башаламандыктар, кыйкырык-сүрөөндөрдөн кийин, өлкө кайрадан мыйзамдуу нугуна түштү. Бул, азыркы учурда Кыргызстандын бүгүнкүсү жана келечеги үчүн эң негизги зарылдык болчу.
Спикер жок — президенттин милдетин аткаруу Садыр Жапаровго өтөт
“Элдин бейкутчулугу менин кызмат ордуман жогору, мен креслого жабышпайм, жаңы премьер-министр шайланып, Кыргызстан укуктук нукка, мыйзамдуулуктун жолуна кайрадан түшкөндөн кийин өз ыктяырым менен кетем”, деген кыязда, 8-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү жасаган эле. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш премьер-министрди шайлап жатканда да бир эмес бир нече ирээт айтылды. Президенттин сөзүнө тураарына шек жок. Андай болгон күндө жаңы премьер-министр С. Жапаровду президент катары көргүсү келип жаткандардын күнү тууру да чындык. Бирок, алар эрте сүйүнүшөт. Анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен дээрлик тааныштыгы жок көпчүлүк, С. Жээнбековдун жакынкы арада өз ыктыяры менен бийликтен кетиши, премьер-министр С. Жапаровдун президентке талапкер болушуна дароо бөгөт коерун билишпесе керек. Себеби, президент кызмат ордунан кетээри менен, Кыргызстандын Конституциясынын 68-беренесинде жазылып тургандай, анын милдетин аткаруу автоматтуу түрдө дароо Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. А азыркы учурда Жогорку Кеңеште төрага жок – Мыктыбек Абдылдаев өз ыктыяры менен отставкага кеткенин көрдүк. А төрага жок болгон соң, ошол эле беренеде көрсөтүлгөндөй, президенттин милдетин аткаруу премьер-министрге жүктөлөт. Конституцияга абай салып көргүлө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 68-берене:
1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.
Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.
(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Спикер жоктугуна байланыштуу, С. Жээнбековдун өз ыктыяры менен кызматтан кетиши менен премьер-министр С. Жапаров дароо эле президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. А мөөнөтүнөн мурда президентти кайра шайлоо президенттин укуктары токтотулган күндөн тартып үч айдын ичинде өткөрүлөт, деп турат, жогорку беренде. Гипотетикалык жактан алганда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү келерки жылдын январь айынын ичинде болот.
Конституция – Садыр Жапаровдун президент болуусуна каршы
Эми маселенин экинчи – эң маанилүү жагына келели. Беренени кунт коюп окуп чыксаңыздар, баамыңыздарга түшсө керек “Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз”, деген 2-подпункт. Мына ушул аныктама премьер-министр С. Жапаровдун мөөнөтүнөн мурда шайлоодо президенттикке талапкерлигин коюуга мыйзамдуу түрдө бөгөт коет – Борбордук шайлоо комиссиясы, законго таянып президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министрдин кандидатурасын каттоодон өткөрбөйт. Демек, бүгүнкү премьер-министрге мөөнөтсүз президеттик шайлоого барганга жол жабылат. Болуптур, көпчүлүктүн кысымы менен Борбордук шайлоо комиссиясы баш мыйзамды бузуп, президенттин милдетин аткаруучуну талапкер катары каттады деп коелу (менимче, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр андай мыйзам бузууга таптакыр барбайт), анда дароо эле калган талапкерлер, саясий күчтөр жана алардын тарапташтары жапырт протесттик акцияларга чыгаарын бөркүбүздөй эле көрө берсек болот. Өлкөдө дагы башаламандык, кыйкырык-сүрөөн, тараптардын тирешүүсү башталат. Анда Кыргызстан кайрадан опурталдуу абалга туш келип калышы толук ыктымал. Андай болбойт, баары тынч өтөт, деп эч ким кепилдик бере албайт.
Узакка созулган машакаттуу процедура
Ушундан улам, учурдагы президенттин мөөнөтүнөн мурда кетиши, биринчи кезекте, болочокто президент болом деген премьер-министр үчүн таптакыр кереги жок экенин түшүнүү кыйын эмес. Азыркы Баш мыйзам жол бербеген соң, толкундоолор башталган биринчи эле күндөн тартып, С. Жапаров өзү айтып жаткан Конституциялык реформаны жүргүзүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу гана президенттик кызматка ат салыша алат. А бул процесс (өзгөртүү киргизүү), бир күндүн ичинде ишке ашпай турган, биртоп убакытты талап этүүчү машакаттуу көрүнүш. Анын үстүнө, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жаңы шайланган парламент аркылуу гана ишке ашат. Себеби, 6-чакырылыштагы парламент мөөнөтү боюнча узак жана татаал бул процедураны иш жүзүнө ашырууга убакыт жагынан таптакыр үлгүрбөйт. Карап көрүңүздөр:
“Жогорку Кеңеш ушул Констиуцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.
Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн”, деп турат, Конституциянын 144-беренсинин 3-пунктунда.

Демек, ушул жылдын аягына чейин өтүүчү парламенттик шайлоодон кийин, жаңыдан 7-чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттары ишке киришмейинче, Конституцияга өзгөртүү киргизүү дээрлик мүмкүн эмес. Жогорку Кеңеш өзгөртүүлөрдү кабыл алган соң, ал референдумга коюлат. Референдумда колдоо тапса гана Конституция өзгөрөт.
Мөөнөтсүз шайлоо Садыр Жапаровсуз өтөт
Конституция өзгөргөн соң, анын ичиндеги “Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз”, деген 2-подпункт алынса, же трактовкасы, президенттин милдетин аткаруучуга уруксаат берүү жагына алмашса гана, азыркы премьер-министрдин президенттикке ат салышуусуна мыйзамдуу жол ачылат. А болбосо, бүгүн президент өз ыктыяры менен кызматынан кетсе, анда үч айдан кийинки мөөнөтсүз президенттик шайлоо, мыйзам боюнча президенттин милдетин аргасыздан аткарып кала турган, азыркы премьер-министр Садыр Жапаровсуз өтөт.
Ал эми учурдагы премьер-министр президенттикке мыйзамдуу жол менен барышы үчүн — Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн жогорку процедуралардын баары ишке ашышы керек.
Ушунун баарына канча убакыт кетет?..
Көрүнүп тургандай, президент С. Жээнбеков Конституциялык реформа жүргүзүлмөйүнчө, өз ыктыряры менен кетиши, биринчи кезекте, Садыр Жапаровго зарыл эмес. А азыр президенттин өз ыктыяры менен кызматынан кетип калышын каалап жаткандар, бери болгондо С. Жапаровго “медвежья услуга” кылгысы келген кошоматчылар, же анын тымызын оппоненттери. Одоно айтканда, душманчылык.
Жаныш Кулмамбетов, драматург, режиссер.



