Без рубрики

Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн. Жарлыктын мөөнөтү өтүп бара жатат

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал жарыялоо боюнча президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыктын мөөнөтү соңуна чыгат.

Эске салсак, ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаев (ошол кездеги төрага) парламент үч күндүн ичинде кворум чогултуп, өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитип бербесе, ал автоматтык түрдө күчүн жоготорун айткан.

Бул бүгүн саат 17.00гө чейин парламент тарабынан жарлык бекитилбесе, ӨА режими токтотулат дегенди түшүндүрөт.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынынын күн тартибине аталган маселе киргизилген. Бирок кийин каралбасы белгилүү болгон.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button