Окуялар
Нарын дарыясына түшүп кеткен карыя изделүүдө (ФОТО)

Куткаруучулар Нарын дарыясынан түшүп кеткен 71 жаштагы адамды издөө иштерин улантышууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына 1949-жылы туулган эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин РӨКОнун 2-ӨИКО 7 куткаруучусу тартылган.
Издөө иштери бүгүн, 12-октябрь дагы улантылат.




