Коом

Сасык тумоо менен COVID-19дун козгогучтарынын окшоштугу жана айырмасы эмнеде?

COVID-19 илдетинин жайылышы кайрадан өсүп жатат. Аны сасык тумоо менен салыштырышууда. Эки инфекция тең респитордук топко кирет. Ошентсе да вирустук козгогучтар жана жайылышы боюнча өтө маанилүү айырмачылык бар. 

Сасык тумоо менен COVID-19дун козгогучтарынын окшоштугу эмнеде?

Биринчиден COVID-19 менен сасык тумоонун клиникалык белгилери окшошуп кетет. Тактап айтканда эки вирус тең респитордук ооруларды пайда кылат, алардын белгилери байкалбашы дагы мүмкүн. Ошол эле маалда оорунун белгилери жеңил, оор дагы болушу ыктымал. Айрым учурда өлүмгө дагы алып келиши мүмкүн.

Экинчиден эки вирус тең адамдан адамга жугат. Мисалы аба аркылуу жана кир предметтер аркылуу. Андыктан эки оорунун алдын алуу үчүн бир эле коомдук саламаттык сактоо чаралдө же чүчкүргөндө оозду жабыш керек. Аны түрдүү ыкмада жасасыңыз болот — кагаз майлык (салфетка) же чыканыгыңызды бүгүп оозду жабыңыз). Колдонулган матералдарды (кагаз майлыкты) дароо ыргытуу керек. 

Сасык тумоо менен COVID-19дун козгогучтарынын айырмасы эмнеде?

Эң маанилүү айырма катары инфекциянын жугуу темпин айтсак болот. Вирустун инкубациялык мөөнөтү (оору жуккандан тарта анын белгилери башталганга чейин) жана генерация мөөнөтү (бир кишиден экинчи кишиге жуккан мезгил аралыгы) сасык тумоодо төмөн болот. Адистердин айтымында, COVID-19дун генерация мөөнөтү 5-6 күн, ал эми сасык тумоодо бул убакыт 3 күндү түзөт. Андыктан сасык тумоо COVID-19га караганда тез жайылат.

Сасык тумоонун элге жайылышында балдар өзгөчө ролду ээлейт. Ал эми COVID-19 илдети чоңдорго салыштырмалуу балдарга аз жугат. Кытайдагы иликтөөлөргө ылайык, коронавирус илдети чоң кишилердин кичинекей балдарга жуккан.

Сасык тумоодо тобокелчилик тобуна балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган кишилер жана ар кандай оору менен ооруган бейтаптар кирсе, COVID-19 илдети эң көп улгайлан кишилер үчүн жана ар кандай оорудан жабыркагандар үчүн коркунучтуу.

Эки оорунун белгилеринин окшош болгонуна карабастан алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири айырмаланат. Акыркы маалыматтарга ылайык, COVID-19га кабылгандардын 80%ында оорунун белгилери байкалган эмес, же ал жеңил өткөн. 15%ы олуттуу ооруп, оксигенотерапия талап кылынган. Ал эми 5%ы өтө оор түрдө ооруп, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Илдет менен оор түрдө жана өтө оор түрдө ооругандар сасык тумоого салыштырганда жогору болгон.

Сезондук өзгөчөлүктөргө салыштырып караганда COVID 19 илдети сасык тумоого караганда адамдын өмүрүн көп алат.

COVID-19 менен сасык тумоону дарылоодо кандай медициналык чаралар көрүлөт?

Учурда бир катар препараттар Кытайда сыноодон өтүп жатат, ошондой эле, COVID-19га каршы 20дан ашык вакцина иштеп чыгылууда. Бирок бүгүнкү күнү колдонууга уруксат берилген препараттар менен вакциналар азырынча жок.

Ал эми сасык тумоого каршы күрөшүү үчүн препараттар менен вакциналар бар. Анткен менен сасык тумоого каршы колдонулган вакциналар COVID-19 илдетин козгогучтарга колдонгондо натыйжа бербейт. Ошол эле маалда сасык тумоонун алдын алуу үчүн жылына бир жолу жасалчу эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Аталган макала Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген кеңештеринин негизинде даярдалып жазылды. 

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун “Көп жаша” кампаниясынын алкагында даярдалды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button