Коом

Коронавирус. Жуктургандар көбөйүүдө, дагы эки бейтап каза болду

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштады. Акыркы суткада 343 адамдан COVID-19 табылып, дагы эки бейтап каза болгонун  Республикалык штабдан маалымдашты.

Коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 81;
  • Ош – 18;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 46;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Жалал-Абад облусу – 77;
  • Баткен облусу – 83.

Тилекке каршы, өткөн суткада  каза болгон эки адам менен кошкондо  COVID-19 өлкөдө 1 092 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта 1 776 бейтап стационарларда, ал эми 1 833 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.

бир суткада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта анын бири Бишкекте, экинчиси Ош облусунда дарыланып жатканы айтылды.

Ушуну менен илдет жайыла баштагандан тарта 1 092 адам көз жумган.

Кечээтен бери дагы 343 адамдын вирус илештирип алганы маалым болуп, жалпы саны 49 871ге жетти. Анын 44 712си айыгып ооруканалардан чыгарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button