Саясат
Садыр Жапаров: президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүүлөр эртең да уланат

Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн жанында чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып, эртеңкиге чейин тарап кетүүнү суранды.
Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн түштөн кийин жолугуп, отставкасы тууралуу үч-төрт саат сүйлөшкөнүн айтты. Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калганын белгиледи.
«Президент отставкага кетиши керек деген элдин талабын Жээнбековго айттым, бирок бүгүн сүйлөшүп бүтө алган жокпуз. Эртең саат 11:00дө дагы жолугабыз. Анын натыйжасын саат 12-13:00дөр чамасында айтабыз. Андыктан бүгүн тарап кетишиңиздерди суранам, эртеңкиге чейин күтүп туруңуздар», — деди Жапаров.



