Коом
Коронавирус. 388 кишиден илдет аныкталып, 5 киши акка моюн сунду

Кыргызстанда дагы 388 кишиден коронавирус аныкталып, 196 бейтап айыгып чыкты. Ошол эле учурда өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан беш киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта Бишкекте бир бейтап, Ошто экөө, Баткенде эки адам акка моюн сунганы айтылат. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жалпы 1 099 адамдын өмүрүн алды.
Вирус илештирип алгандардын арасында 32 медицина кызматкери бар.
Жуктургандар аймактар боюнча:
- Бишкек — 59;
- Ош — 55;
- Чүй облусу – 19;
- Ош облусу — 50;
- Талас облусу — 16;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу – 19;
- Жалал-Абад облусу – 86;
- Баткен облусу — 83.
Ушу тапта ооруканаларда 2 092 бейтап жатса, 1 847 киши амбулатордук дарылоодон өтүүдө.



