Пайдалуу кеңештер

Эмне үчүн ичимдик ичкендер менен тамеки чеккендер узак жашашат? Профессордун айтканы

Окумуштуулар узак жашагандардын 70%и тамеки  тартып, 80%и дайыма ичимдик ичишип, ал  18%и эч качан пенсияга чыгышпай, диетаны сакташпаганын таап чыгышкан. Алардын узак жашаганынын сыры эмнеде? Бул тууралуу АиФ жазып чыккан.

Бул суроого Улуттук геронтологиялык борбордун башкы директору, Москвадагы мамлекеттик Сеченов атындагы биринчи медицина университетинин профессору Вячеслав Крутько жооп берген:

-Олуттуу иликтөөлөр, узак жашагандар эч кандай диета сакташпаганын, бирок ашепке тамактанышпаганын көрсөтүп турат. Арасында тамеки чеккендери дагы бар, бирок дембе-дембе эмес. Ичимдиктин анча көп эмес дозасы пайдалуу, а көп ичкен жашка жаш кошпойт. Черчилль сыяктуу көп ичип, дембе-дембе чылым чексе да 90 жаш чыга жашагандар  тууралуу мисалдар да арбын. Бирок, бул типтүү көрүнүш эмес, алардын организими өтө чоң функционалдык резервге ээ адамдар. Ал эми жашоого позитивдүү кароо гормоналдык статусун өзгөртүп, керек болсо зат алмашууну жакшыртат.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button