Коом
Коронавирус. 384 адам жуктуруп, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда өткөн суткада 384 кишиден коронавирус табылып, 276 бейтап ооруну жеңген. Ошол эле учурда эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек – 42;
- Ош – 67;
- Чүй облусу – 27;
- Ош облусу – 52;
- Талас облусу – 6;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 57;
- Баткен облусу – 118.
Азыркы тапта 2 690 бейтап стационарларда, ал эми 2 481 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Коронавирус илдетинен акыркы суткада каза болгондордун бири Бишкекте, экинчиси Баткенде катталды.



