Коом

Эки шайлоонун мөөнөтү жылып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн

Президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул туурасында депутат Талант Мамытов парламенттик жыйын башталар алдында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өзү менен кошо он чакты депутат азыркы саясий-экономикалык кырдаалды, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен шайлоолорду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Эл өкүлү бул аралыкта Конституциялык реформа дагы жасалышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси экинчи окууда каралат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button