Саясат
Экс-премьер-министр М.Абылгазиев: Мени тоо-кен чалгындоо жана иштетүү үчүн билдирме берди делген маалымат чындыкка дал келбейт

Экс-премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев тууралуу акыркы мезгилдерде жалган маалыматтар, каралоолор жүрүп жатат. Бул тууралуу экс-премьер М.Абылгазиев интернет баракчасына кайрылуу жасады.
Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Урматтуу кыргызстандыктар, мени тоо-кен чалгындоо жана иштетүү үчүн билдирме берди делген маалымат чындыкка дал келбейт.
Бизнес менен алектенбейм жана кен иштетүү тармагына эч кандай тиешем жок. Менин репутациямды каралаган ачык фейк маалыматтарды жайылтуу көбөйгөндүгүнө байланыштуу жалган маалымат тараткандарды жоопко тартуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу экенимди авторлордун эсине сала кетем»,- деп жазды Абылгазиев.



