Коом

Коронавирус. Жуктургандар Бишкекте көп катталып, 4 бейтап каза тапты

Кыргызстанда өткөн суткада дагы 556 кишиден коронавирус аныкталды. 287 кишинин оорудан сакайып кеткени белгилүү болду. Ошол эле учурда 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 149;
  • Ош шаары – 34;
  • Чүй облусу – 67;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 23;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 86.

Жалпысынан алганда 55 144 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 47 337 бейтап айыгып чыкты.

Азыркы тапта 3 300 киши стационарда, ал эми 2 871 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден медик коронавирус жуктуруп алганы айтылды.

Ал эми кечээтен бери стационардан үч, үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыккан.

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Чүй облусу – 1;
  • Бишкек – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.

Коронавирус Кыргызстанды каптагандан тарта жалпысынан 1 130 адам көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button