Дайыр Орунбеков: Пандемия убагындагы кыйынчылыкты, ал тургай жардам бергендерди дагы унутуп калдык

Бүгүн мамлекет оор абалда, анысы аз келгенсип коронавирус күчөп баштады. Жайында кыргызга кыйынчылык келген маалда- ынтымак, кайрымдуулук менен жеңип кеткенбиз. Учурда Өкмөт алына жараша даярдыгын көрүп жатат. Мен оор күндөрү салымын кошкон азаматтар кайра унутулуп бара жатканына кейийм. Илдетке каршы күрөшүүгө салымын кошкон ар бир кайрымдуу инсанга, адам өмүрүн сактап калган мекендештерибизге ыраазычылык айтканды унутпайлы, эстеп жүрөлү,- деп жазды журналист Дайыр Орунбеков Фейсбук баракчасына.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө:
3 500 000 сом
2 тез жардам унаасын
20 000 бет кап берген
Учурдагы күчөп бара жаткан кырдаал Бакыт Сыдыков сыяктуу баатырларын күтөт, үмүт кылат… Кыргызды Кудай колдоп, кыштын суугунан, оорунун кесепетинен сактаса экен! Саясат деп ооруну унуттук, жаңы Премьер-министр илдетке каршы күрөшүүгө көнүл бурушу керек. Келгиле жакшылык кылгандарды эстеп, рахмат айталы,- деп кошумчалады ал.


#StopCovid