Коом

ДССУнун башчысы өтө оор абал келе жатканын айтып, мектептерди жабууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү.

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button