Саясат

БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине даттанат

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы даттанат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын ал токтомун жокко чыгарып салган.

«Учурда кийинки инстанцияга даттануу боюнча документтер даярдалып жатат», — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын аралыгында уюштурулушу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамдын кабыл алган. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров  кол койгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button