Коом

Президентке ат салышчулар документти БШКга качан тапшыруу керектиги такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоонун уюштурулуучу негизги иш-чараларынын календарлык планын бекитти.

Жыйында, тиешелүү мыйзамдарга ылайык, шайлоо аракеттеринин өткөрүлө турган мөөнөтү чейрек убакытка кыскартыла турганы белгиленди.

Аталган өнөктүккө катышууну каалаган талапкерлер 7-декабрга чейин (эң акыркы мөөнөт 6-декабрь, саат 24:00) БШКга тиешелүү документтерин тапшырышы керек.

Буга чейин комиссия президентти шайлоо 2021-жылдын 10-январында болорун айткан эле. Кийинчерээк бул датаны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да тастыктаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button