Коом

Куткаруучулар Бишкекке жакын көлмөдөн эркек кишинин сөөгүн табышты

Бишкекке жакын ГЭС-5 аймагындагы көлмөдөн 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 2-ноябрь күнү, саат 19:10до милиция куткаруучуларга Аламүдүн районунун Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүндө эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат беришкен.

Жерине ӨКМдин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери барып, маркумду суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button