Коом
Коронавирус. Жуктургандар көбөйүүдө, дагы беш бейтап каза болду

Өткөн суткада Кыргызстанда 565 кишиден коронавирус аныкталып, ошол эле маалда 426 бейтап ооруну жеңди. Тилекке каршы дагы беш бейтап акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирус жуктургандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары — 119;
- Ош – 17;
- Чүй облусу – 69;
- Ош облусу – 86;
- Талас облусу – 19;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 40;
- Жалал-Абад облусу – 133;
- Баткен облусу – 79.
Коронавирустан каза тапка беш бейтап Бишкекте эки, Баткенде эки, Ошто бир адам каза болду.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1 150гө жетти.