Коом

ВИДЕО: “Жерүй” Алтын-Альянс талас эли күткөн бала бакчаны бүтүрүп берди

Талас облусундагы “Жерүй” Алтын-Альянс компаниясы карапайым элдин социалдык маселелерин чечүүгө жакшы көмөк көрсөтүп келе  жатат. Ар бир районго, айылга бир нече миллиондогон каражаттарды бөлүп, айыл элин социалдык жактан колдоого алып, бир топ маселелер чечилип келет.

Кара-Суу айылында да буга чейин бала бакча көйгөйү көтөрүлүп,  аны курууга каражат жетишсиз болуп келген эле. “Жерүй” Алтын-Альянс бул бала бакчаны курууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Аталган айылдын өкмөт башчысы Рустамбек Биримкуловдун айтымында бул бала бакчанын имараты 2015-жылы курулуш иштерин баштаган. Бала бакчанын курулуш иштерине каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калып жаткан. Азыркы тапта Алтын-Альянстан бөлүнгөн каражаттан улам,  эл күткөн бала бакчанын курулуш иштери аяктап, жакында ишке берилет.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Рустамбек Биримкуловдун  айтымында бул бала бакчанын курулуш иштери “Жер үй” Алтын Альянс компаниясынын салымы өтө чоң.

Талас элине аталган компаниянын жардамы бир топ социалдык маселелерди чечүүгө көмөкчү болду. Эл Алтын-Альянска ыраазы экенин билдиришүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button