Коом
Бүгүн Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-ноябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карамак. Ал сотко жеткирилбегендиктен отурум жылдырылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 22-октябрда Камчы Көлбаев кармалганын билдирген. Кийинчерээк ошол учурда тартылган видео жарыяланды.
Колго түшүрүү иштери «Avangard» спорт клубунда жүргүзүлгөн. Анын кармалышы уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө байланыштуу.
Биринчи май райондук соту 23-октябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган.