Саясат

Президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталат

Президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын алгачкы тизмеси жарыялып, 18-ноябрга чейин добушканаларда тизмелер илинет.

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн жактар 14-ноябрга чейин арыз берип бүтүшү керек. Ал эми колдогон кол тамгалар 3-декабрга чейин кабыл алынат. Талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктайт.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда бүтөт.

Президенттикке катышуу үчүн арыз бергендердин саны төрт адам.

31-октябрда Назарбек Нышанов президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн, ал «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти.

Ошондой эле «Аурдин» компаниясынын директору, Арстанбек Абдылдаев да президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз берген.

Андан тышкары, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, Кубан Чороев президенттикке талапкерлигин көрсөткөн.

30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button