Дүйнө
Түркиядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 95ке жетти

Түркиянын батышында, Измирде болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 95ке жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кечээ эле алааматтан көз жумгандардын саны 73кө жетип, жабыркаган 961 киши катталганы айтылган болчу.
«Соңку маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн 95 киши дүйнө салды. Жабыркагандардын саны 994кө жетти», — деп айтылган билдирмеде.
Белгиленгендей, жер титирөөдөн кийин 1385 майда силкинүү (афтершок) болгон
Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.



