ЖКККББ: Ылдамдыктын чектөөлөрү жөнүндө кыскача түшүндүрмө (ВИДЕО)
Орнотулган жол белгилерине ылайык, Көк-Жар айылынын калктуу конушу аскердик госпиталдын имаратынан башталып, 7-апрель көчөсү менен Түштүк Чоң Чүй каналынын көпүрөсү менен кесилишкен жерде аяктайт. Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын административдик аймагы 7-апрель көчөсүндөгү N 80а үйүнүн башталат (болжолдуу Панорама бурулушу), ал жерде 5.23.1 «Калтуу конуштун башталышы» жол белгиси орнотулуп ал бүтүндөй 7-апрель көчөсүн камтуу менен Аламүдүн айылына чейин, Бишкек шаарынын түндүк чек арасына, Чоң Чүй каналынын көпүрөсү менен кесилишинине чейин барат. Башкача айтканда 5.23.1 жол белгиси «Калктуу конуштун башталышы» 3,3 км алыстыкта, түштүккө орнотулган.
Ошодуктан, 7-апрель көчөсүндө орнотулган жол белгиси, Бишкек шаары “Калктуу конуштун башталышы” жол белгисинени башталып Көк-Жар айылы “Калктуу конушунун аякташы” жол белгисине чейинки жол бөлүгү чектик аймак болуп саналат. Ушуга байланыштуу, бул жерге кайрадан дубликаттык п. 5.23.1 «Калктуу конуштун башталышы» жол белгисинин орнотуу талап кылынбайт.
Мындай учурда, аталган жол бөлүгүндө айдочулар жол кыймылынын эрежесинин 10.2 пункттун талаптарын колдонуп калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын 60 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүүсүн эске алышы керек.



