Саясат
Садыр Жапаров Ошто эл менен жолугат

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарында эл менен жолугат. Жолугушуу шаардын борбордук стадионунда өтөт.
Кечээ, 2-ноябрда Жапаров Баткен облусун кыдырып, инфраструктуралык объектилердин курулушун көрүп, облустун активи менен жолукту. Ал өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселелери, коронавирус эпидемиясы жана коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.
Эртең, 4-ноябрда Жапаров Жалал-Абад облусуна барат.