“Колбаса королу” атыккан миллиардер Владимир Маруговду атып кетишти

Орусиялык миллиардер, “Колбаса королу” каймана аты менен таанымал болгон Владимир Маругов өз үйүндө өлтүрүлдү. Бул тууралуу ишкердин мурунку жубайы, поэтесса Татьяна Маругова тастыктады.
Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети окуя тууралуу маалымат тараткан эле. Маалыматта, 1-октябрдан 2-октябрга караган түнү бейтааныш адамдар Москва районундагы Истра шаарында жайгашкан үйүндө Владимирди арбалет менен атып, өлтүрүп кетишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча бейтааныш адамдар карактоо максатында ишкердин үйүнө кирип келишип, жарандык никедеги аялы экөөнү байлап алып акча талап кылышкан. Ишкердин аялы каракчылардын байлоосунан бошонуп, полиция чакырганга жетишкен. Полициянын ыкчам тобу келгенде ишкер каза болуп калган.
Ишкер бир нече колбаса заводунун ээси болгон. Маркум Маруговдун фамилиясы кыргыз журтчулугуна Андрей Малаховдун эфири аркылуу таанымал. 2019-жылы анын уулу Александр Маругов мотоцикл айдап баратып менен такси айдаган кыргыз жараны Исламбек Акбаровдун унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынан Маругов айдап келе жаткан мотоцикл жана Акбаров айдаган жеңил унаа өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен олигархтын уулу каза тапкан болчу. Бул жол кырсыгы тууралуу Андрей Малахов көрсөтүүсүндө кыргыздарды бир беткей күнөөлөгөнү үчүн коомчулуктун талкуусунда калып, кийин кыргыз элинен кечирим сураган.



