Коом

ВИДЕО: Таласта “Жерүй” Алтын Альянс күттүргөн бала бакчага жакшы жардам берди

“Жерүй” Алтын Альянс компаниясы Талас облусунун элине социалдык маселелерди чечүүгө жакшы жардамдарды берип келет. Жергиликтүү элдин көйгөйүн чечип, жашоосун жеңилдетүүгө салым кошууда.

Талас облусундагы Жон-Арык айылында “Бөбөк нур” бала бакчасы 2017-жылы курулуп, декабрда бөбөктөрдү кабыл ала баштаган.  Буга чейин бул айылда бала бакчага болгон муктаждык чоң эле.

“Бөбөк нур” бала бакчасынын жетекчиси Бурул Баялиева:

— Бүгүнкү күндө ушул бакчада 132 бала тарбияланып, 27 кызматкер эмгектенет. Бала бакча беш тайпага бөлүнгөн. “Бакубат Талас” фондусунан берилген акчага ушул бала бакчанын ичи шыбалып, актап сырдоо иштери, полу жасалгаланган. Бакча эки кабаттуу, баардык эмеректер менен жабдылып, заманбап ыкмада курулган. Музыкалык залы бар.  

“Жерүй” Алтын Альянс компаниясынан бөлүнгөн каражатты “Бакубат Талас” фонуд аркылуу алып, ал акчага  актап сырдоо иштери, ичинин жасалгасы жана жылытуу системасы жасалган.

Жалпы бала бакчанын аянты 60 сотых  жерди ээлейт. Ушул эле фонддон бакчанын  сыртын тосууга каражат бөлүнүп,  короодогу  балдар ойноочу аянтчанын жасалгасын да бүтүрүп алышкан. Бул бүгүнкү күндө бакчадагы балдардын короодо ойноосуна, эс алуусуна жана коопсуздугуна шарт түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button