Коом

Бишкекте төрөлгөн 3 эмге Садыр, Жапар, Нуркожо ысымы ыйгарылды

Октябрдын аягында төрөлгөн 3 эмге Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар берилди.

29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунда 3 эм төрөлгөн. Бүгүн, 4-ноябрда алар ооруканадан чыгарылды.

Башкы дарыгер Салтанат Назаралиеванын айтымында, эненин жана 3 эмдин абалы туруктуу.

Ал эми 21-жаштагы 3 эмдин энеси Сезим Ырысбек кызы ымыркайларга Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдарды ыйгаруу чечимин ата-энелер кабыл алышканын айтат. Ысым президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун урматына коюлду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button