Окуялар

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизатты сатууга шектелген жаранды кармады

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды сатууга шектелген жаранды кармашты.

 Жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жана тинтүү амалдарынын натыйжасында, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде боз күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 1 килограмм 139 граммды түзгөн зат табылып алынган.  

Экспертизанын корутундусуна ылайык,  алынган зат “героин” баңгизаты болуп аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  267-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголду.

Шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулду. 

Көмүскө базарда табылып алынган баңгизаттын баасы 1 139 000 сомду түзүп, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button