Ак үйдө ремонт иштери башталып, 70 депутат каражат бөлдү

Ак үйдү оңдоо иштери башталды. Ага 70 депутат атайын каражат бөлгөн. Бул маалыматты ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак жыйындар өтүүчү залды калыбына келтирип, эл өкүлдөрү отурган кабинеттерге компьютерлерди жабдуу керек.
Ошентсе да чыгымдын канча экенин так эсеби азырынча жок. Ак үйдү толугу менен оңдоого 450 миллион сом керектелери айтылган. Бирок Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ак үйдү оңдоо иштерине 10 миллиондон ашык каражат гана жете турганын айткан эле. Учурда ремонт иштери эч кандай тендерсиз жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 5-6-октябрдагы баш аламандыкта Ак үй талкаланып, өрттөлгөн эле. Ал эми ЖКга бүгүн гана дайындалган спикер Талант Мамытов ак үйдүн тегерегин тоскон темир тосмолордун пайдасы жок экенин, аны алып салуу керектигин айткан.



