Коом

Бишкекте ооругандар көп. Коронавирус дагы 439 кишиден аныкталды

Өткөн суткада коронавирус 439 кишиден табылып, 512 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, коронавирус жуктургандар Бишкекте көбүрөөк. Айыккандардын басымдуу бөлүгү дагы Бишкек менен Жалал-Абадда.

Жуктургандар:

Бишкек – 166;
Ош – 17;
Чүй облусу – 55;
Ош облусу – 24;
Талас облусу – 17;
Нарын облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 52;
Баткен облусу – 52.

Айыккандар:

Бишкек – 118;
Ош шаары – 33;
Чүй облусу – 57;
Ош облусу – 77;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 108;
Баткен облусу – 86.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 61 748ке жетти. Анын ичинен 52 855и ооруну жеңип, 1 170 адам кайтыш болду.

Өткөн жумада 3 бейтап каза тапты. Үчөө тең Бишкектен.

Өткөн суткада бир медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле маалда 11 медик дартты жеңгени кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button