Окуялар

Жалал-Абад 4 кг жакын баңгизат алып жүргөн жаран кармалды (ФОТО)

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз атуул баңгизатын көтөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынып, алынган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталган жана анын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. 

Ыкчам маалыматтын негизинде, 2020-жылдын 4-ноябрь күнү саат 14-00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде, №10 Жазаларды аткаруу мекемесинин жанында Базар-Коргон районунун тургуну 1999-жылы туулган  М.Д. текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда ал көтөрүп жүргөн асынма сумкасынын ичинен 3 кг 860 гр «гашиш»  баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар маңзат алынып, М.Д. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган кылмыш иши боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button