Коом

Бишкек мэриясы: Эртең ак үйдүн тосмосу алына баштайт

Эртең, 6-ноябрда, Жогорку Кеңештин (Ак үй) имаратындагы тосмолор алынып баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Демонтажды саат 10:00дөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү жүргүзөрү белгиленди. Башка маалыматтар айтылган жок.

5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу бир нече маселе көтөрүлгөн. Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы да аны алып салууну сунушталган болчу..

Өлкөнүн башкы административдик имаратынын айланасындагы тосмо биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда орнотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button