Коом

Кыргызстанда магнитудасы 5,3кө жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн Кыргызстанда магнитудасы 5,3кө жеткен жер титирөө катталганын Европа жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) билдирди.

Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык саат 13:39да жер силкинген. Очогу Өзгөн районунан 64 чакырым, Өзбекстандын Фергана облусунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул Ош шаарынан анча алыс эмес жер болуп калат.

Азырынча кыйроолор жана жаракат алгандар боюнча расмий маалымат бериле элек. Ош шаарынын тургандары сезилээрлик деңгээлде жер титирегенин жазып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button