ВИДЕО: “Жерүй” Алтын альянс таластыктарга таза суу өткөрүп берди

Талас облусунун эли “Жерүй” Алтын Альянстан жакшы жардам алып келишти. Айрымдар айыл элине керектелүүчү техникаларды саттырып алышса, айрымдары таза суу түтүктөрүн киргизип алышкан. “Жерүйдөн” талас эли жакшы жардам алганын айтып, ыраазычылык билдиришүүдө.
Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек уулу Эрнис:
-Жерүй боюнча айтсак, 2016-жылы Талас райондук өнүгүү фонду ачылып, ошол фонддон бизге Калбай айылына тиешелүү 12 миллион 600 сом каралган. Фонддон каралган каражатка айыл эли ичүүчү таза суу маселеси орчундуу болуп келгендиктен элдин макулдугу менен таза сууну оңдоп түзөө иштерине жумшоого каралган,- деди Эрнис мырза.
Эрмек Рахманов, Атай Огомбаев айылынын тургуну, анын айтымында бул айылда таза суу маселеси курч болгондуктан элдин маселесин чечүү үчүн суу түтүктөрүн киргизишкен. Айылга таза суу киргизилип, эл атайын тартылган сууларды колдоно баштаган.
“Жерүй” берген каражатка бир топ айыл таза суу менен камсыздалган. Ага чейин айыл эли сайдан суу ташып ичишчү. Азыр таза суу кирген айыл эли үйүнө суу киргизип алышууда.
“Жерүй” бөлгөн каражатка буга чейин башка айылдар айыл чарба техникаларын алып, азыркыга чейин колдонуп келишет.
Ал эми техникалар жетиштүү айылдар суу маселесине жумшалган.