Президенттин м.а. Садыр Жапаров: Түрмөдө мыйзамсыз, адилетсиз отургандар чыгарылып жатат
Түрмөдө мыйзамсыз, адилетсиз отургандар чыгарылып жатат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын шаарында милиция кызматкерлерине курулган көп кабаттуу турак үйдөгү батирлердин ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, түрмөдө мыйзамсыз, адилетсиз отургандар көп. Учурда ревизия жүрүп жатат.
«Мамлекеттин күчү жетсе, ар бир кызматкерди ушинтип үй менен камсыз кылсак абдан жакшы болот эле. Бирок бүгүн ага жете элекпиз. Кудай буюрса жетебиз деген терең ишеничтебиз. Анткени, ишти баштап жатабыз. Кандай жол менен жетерибизге көзүбүз жетти. Тартиптүүлүктү, адилеттүүлүктү, анан мыйзамдуулукту орнотуш, коррупцияны түп тамырынан жоюш үчүн сиздердин жардамыңыздар керек. Бардык майда-чүйдө кылмыштар же болбосо ушундай иштер айыл жергесинен, райондон, облустан башталат. Эгерде сиздер адилеттүү иштесеңиздер, мыйзамдуулукту сактасаңыздар, анда өлкөдө сөзсүз түрдө өнүгүү болот. Коррупция жок, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук орногон өлкөдө сөзсүз өнүгүү болот.
Биз ишибизди жаңы баштап жатабыз. Тартиптүүлүктү орнотуу боюнча сиздердин жардамыңыздарга, күчүңүздөргө таянабыз. Мурдагы мыйзам боюнча ар бир кылмыш үчүн жоопкерчиликке тартылып турчу. Азыркы жаңы мыйзам боюнча майда-чүйдө кылмышкерлерди административдик айып пулдар жана башкалар менен камап жибербөөгө жол ачылган. Бирок баары болбой эле камалып жатат. Акыркы бир жыл ичинде мен өзүм көрүп чыктым. Майда-чүйдө кылмыштар менен камап жиберген учурларыңыздар болуп жатат. Ошол жагын карасаңыздар. Майда-чүйдө кылмыштар болсо тартипке чакыруу жолдор менен айып пулдар менен…
Баарыбызга белгилүү «паставитетип» отурган адамдар көп. Мына бүгүн ошолорду түрмөлөрдүн ревизия менен чыгарып жатабыз. Бул түрмөлөрдөн адамдарды азайтышыбыз керек. Накта кылмышкерлер отурушу керек. Майда-чүйдө кылмыш жасагандарды камаштын кереги жок. Анткени, биз аларды каамап алып, мамлекетке пайда келтирбей, зыян келтирип жатабыз. Мамлекеттин эсебинен аларды багып жатабыз. Миллиондогон акчалар ошолорго кетип жатат. Бир эле мисалды айтайын. Бирөөнүн 2 миң сомдук телефонун алып койгон экен. Ошону 8 жылга камаган экен. 5 жыл жатты. Дагы 3 жылы калды. 3 маал тамагы, кийим-кече жана башкасы менен биригип 5 жылда жок эле дегенде мамлекет ага 500 миң сом акча коротту. Ошондой кылмыштар боюнча түрмөгө камабай, бир жылга же эки жылга бөлүп, ай сайын мынчадан төлөйсүң деп , айып пул салып койсо, ошондо тартипке дагы чакырган болобуз, мамлекеттин казынасына дагы пайда болот. Элдин эсебинен аларды бакпайбыз. Алар тескерисинче пайда келтирип турушу керек.
Ал эми сиздердин ишиңиздердин өтө кыйын экенинин билебиз, түшүнөбүз. Мен сыртынан эмес, ичинен билем. Эмгек акы дагы аз. Эмгек акы аз болгон жерде, мекемеде сөзсүз коррупция болот. Үй-бүлө багыш керек. Бала-чака багыш керек. Окутуш керек, чокутуш керек. Кийинтиш керек дегендей. Алардын баарына сиздердин эмгек акыңыздар жетпейт. Бирок 30 жыл бери чыдап келгенсиздер. Бир жыл, бир жарым жыл белиңерди бекем бууп, бүгүнкү эмгек акыңыздар менен чыдап иштеп туруңуздар. Кудай буюрса элдин, сиздердин жардамыңыздар менен бардык тармактардагы коррупцияны жеңип чыксак, сөзсүз түрдө биздин экономикабыз көтөрүлөт. Албетте, сиздердин айлык маянаңыздар көтөрүлөт. Айлык бир айдан экинчи айга жеткидей кылып көтөрүп беребиз деген максатыбыз бар. Кудай буюрса ошого жетебиз.