Коом

ВИДЕО: “Жерүй” Алтын-альянс Талас облусунун социалдык маселелерин чечүүгө жардамын берет

Талас облусуна “Жерүй” Алтын-альянс райондун элине жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан улам социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүн болбой жаткан обьектилерге, техникаларга абдан жакшы жардамдарды берип келет.  Көк-Таш айылына да эл көптөн бери күткөн бала бакчанын курулушуна  мыкты жардамын берген. Азыр айыл эли “Жерүй” Алтын-альянстан алган жардамга ыраазычылыгын билдирип жатышат.

Шамырканова Гулнара, М.С.Жумабекова атындагы бала бакчанын жетекчиси:

-2017-жылга чейин биздин айыл эли бала бакчага зар болуп келгенбиз. 2017-жылы Талас өнүктүрүү фонду  биздин бала бакчанын курулушуна 4 миллион 700 миң каражат карап,  ал эми Акназар айыл өкмөтүнөн 1 миллион акча каралып, 2019-жылдын 14-январында ушул бала бакчанын курулуш иштери аяктады. Ошондон бери ушул бала бакчада балдарга билим берип, тарбиялап келе жатабыз. 2019-2020-жылга карата Талас  облусундагы “Бакубат Талас” фондунан 450 миң  сом акча бөлүнүп берилип, короо жайларды тосуп алдык. Учурда бул бакчада 50 бала тарбияланып жатат. 17 кызматкер иштеп жатабыз.Бала бакчанын ачылышы менен айылдыктар да жумуш орду менен камсыздалышты. Бакчанын ичи таза, жылуу баардык шарттары бар, талапка жооп берет.

Айдар Момунтаев, Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты:

-Ушул бала бакчанын салынышына  үч жыл мурда Талас өнүктүрүү фондуна кайрылганда бизге 4 миллион сом акча бөлүп берген. Айыл өкмөттүн өзүнөн бир миллион сом которулуп, беш миллион сом бала бакчаны курдук. Азыр бала бакча курулуп бүттү. “Жерүйдүн” акча бөлүнүп жатканы  элдин социалдык көйгөйүнүн чечилишине жакшы жардамчы болду. Жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн каражаттары жетпеген курулуш обьектилерине жардам берип жатат,- дейт Айдар мырза.

Эскерте кетсек, Талас облусунун эли  “Жерүй” Алтын-Альянстын берген жардамына  айыл чарба техникаларын  да сатып алганын, айыл ичине таза суу киргизгенин жана башка ушул сыяктуу жардамдарына чексиз ыраазы экенин билдирип келишет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button