Коом
Коронавирус. Жуктургандар көбөйүп, дагы 3 бейтап каза тапты

Өткөн суткада өлкөдө коронавирус 570 кишиден табылып, 416 бейтап айыкты. Ошол эле учурда дагы 3 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 121;
- Ош – 114;
- Чүй облусу – 85;
- Ош облусу – 30;
- Талас облусу – 21;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 61;
- Баткен облусу – 82.
Каза болгондор Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап оору менен алышып жатып каза болду.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1185 адам коронавирусту жеңе албай өмүр менен кош айтышты.